Эмне үчүн Палестина мамлекетинин түзүлүшү Израиль үчүн эң мыкты коопсуздук кепилдиги болуп эсептелет?
Мен жакында Жакынкы Чыгышта беш күн болдум. Украина менен катар Жакынкы Чыгыш дагы тынч эмес аймактардын бирине айланды. Кээде тынчтык орношот, бул абалдын жакшырып баратканындай таасир калтырышы мүмкүн. Бирок Израиль менен Палестинанын ортосундагы жаңжал болуп көрбөгөндөй курч бойдон кала берүүдө. Эки эл үчүн эки мамлекет концепциясын сөз жүзүндө колдоп, жаңжалды ушуну менен жайгарса болот деген үмүт менен анын андан ары күчөшүнө жол берген саясий кыска ойлонууну токтотушубуз керек. Эгерде биз гумандуулукка, адилеттүүлүккө жана адеп-ахлактуулукка негизденип кырдаалды азыр оңдобосок, анда бул жаңжал элдин жер которуусуна, анын ичинде Европага качып барышына алып келип, терроризм коркунучун жана жамааттар аралык тирешүүнү күчөтүшү мүмкүн.
Бул аймакты кайрадан травмалар жана каардануу каптап жатат. Израилдиктер 7-октябрда 1500дөн ашуун адамдын өмүрүн алып, 200дөн ашуун адам барымтага алынган кандуу кыргынга кайгырууда. Палестиналыктар Газа тилкесиндеги гуманитардык кризиске кабылып, 13 миңден ашуун адам, негизинен аялдар менен балдар өлүмгө дуушарланган кыргынды баштан өткөрүштү, ошондой эле Иордан дарыясынын оккупацияланган Батыш жээгинде жана Чыгыш Иерусалимде израилдик отурукташкандардын кол салууларына кабылып жатышат. Жума күнү ок атышууну убактылуу токтотуу жана барымтадагылардын айрымдарын бошотуу жөнүндө макулдашуу күчүнө кирди. Бул бардык барымтадагыларды бошотууга жана согуштук аракеттерди токтотууга алып келе турган оң динамика жаратат деп ишенем.
Хамас жана башка экстремисттер жасаган үрөй учурарлык иштер Палестинанын кызыкчылыктарына зыян келтирүүдө. Мен Рамаллада жолуккан лидерлер бул фактыны моюнга алышат. Бирок, бул лидерлер үчүн негизги көйгөй Израилдин оккупациясы болууда. Бул лидерлер өздөрүнүн шайлоочуларына эмне үчүн алардын эки жакка чыгуу эркиндиги чектелгенин, ошол эле учурда жерди мыйзамсыз ээлеп алуу күчөп жана келгиндердин эмне үчүн ээн-эркин кол салып жатышкандарынын себептери түшүндүрүүдө кыйынчылык көрүп жатышат. Бул лидерлер оккупацияланган Батыш жээкте коопсуздукту да камсыздай алышпайт. Ошол эле учурда Израиль Палестина автономиясынын атынан Палестинага тиешелүү салыктык кирешелерди кармап калууда.
Бир жамандык экинчисин актабайт. Ошондой болсо эки тарап тең трагедиянын өз тарабын гана, кечээки окуяны же бүгүн болуп жаткан окуяларды гана көрүп жатат. Бирок эки тарап тең эртеңки күндө эмне болоорун алдын-ала көрө албай турат. Израилдиктер өзүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Хамасты жок кылуу керек деп эсептешет. Палестиналыктар Газадагы гуманитардык апаатты токтотууну жана ал жакка көчүп келгендердин провокациясын токтотууну алдыңкы орунга коюшат.
Бул кыйынчылыктарга карабастан, биз тынчтык үчүн мүмкүнчүлүктөрдү сактоого тийишпиз. Аймакка жакында болгон сапарым Израилдин коопсуздугу үчүн эң жакшы кепилдик - бул Палестина мамлекетин түзүү экенине болгон ишенимимди бекемдеди. Жакынкы келечекте биз Палестина бийлигин алсыратууну болтурбашыбыз керек. Табиятта да, саясатта да вакуум болбошу керек. Эгер Хамас да, Израиль да Газаны башкара алышпаса, бийликтин вакуумун бат эле көзөмөлгө баш ийбөөчү күчтөр ээлеп, Газаны бат эле көйгөйлүү аймакка айлантып, зордук-зомбулук менен терроризмдин жаңы айлампасын башташы мүмкүн. Гоббстун доорунан бери эле биз Левиафан-мамлекет болбосо (күчтүү мамлекет деген мааниде – котормочунун эскертүүсү), коом зордук-зомбулукка жана башаламандыкка дуушар болорун билебиз.
Мындай жагдайлар кандайча башталаарын биз буга чейин көп жолу көргөнбүз. Биз Сирия жаңжалынан качып Ливанга, Иорданияга жана Түркияга барып баш калкалаган качкындарды көрдүк. Бул өлкөлөр эми палестиналык качкындардын келишине туруштук бере алышпайт. Өткөн аптада маектештеримдин бири айткандай, биз дагы бир жолку Накбага туруштук бере албайбыз. Европа өлкөлөрү жана эл аралык коомчулук палестиналыктардын дагы бир жолу аргасыз массалык жер которуусун каалабайт жана ага жол бергиси келбейт.
Газа секторунун аймагы коңшу аймакты, анын ичинде Израилди да дестабилдештирүүсү мүмкүн болгон көзөмөлдөнбөөчү куралдуу топтордун колуна өтүп кетпеши үчүн өз элинен турган мамлекет тарабынан башкарылышы керек. Израилдин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Газада жана оккупацияланган Батыш жээкте, анын ичинде Чыгыш Иерусалимде Палестина мамлекетинин түзүлүшү зарыл.
Буга кантип жана качан жетээрибиз биздин баарыбыздан көз каранды. Бир нерсе түшүнүктүү болду: менин араб өлкөлөрүндөгү баардык маектештерим Израилдин бар экендигин таанышат жана аны менен кызматташкысы келет. Алар ынтымактуу коңшулук, трансчегаралык кызматташтык жана аймактагы экономикалык кыймылдаткыч катары Израилдин потенциалдуу ролу зор мүмкүнчүлүктөрдү берээрин моюнга алышат. Алардын баары араб-израиль кызматташтыгы Палестина маселеси чечилгенде ишке ашаарын моюнга алышат. Ансыз эч нерсе мүмкүн эмес.
Алдыга жылуу үчүн биз адилеттүүлүккө жана эки элдин тең укуктуулугуна негизделген чечимге умтулушубуз керек. Бул үчүн баарыдан мурда бүткүл региондо жана жаңжалдын кесепеттерине түздөн-түз дуушарланып жаткан Европада коопсуздукту камсыз кылуу зарыл. Коңшулар катары биз Израилдин, Палестиналыктардын жана бүткүл региондун бакубаттыгы үчүн жашоого жөндөмдүү, бекем саясий жөнгө салууга жетишүү үчүн аймактагы жана дүйнөдөгү өнөктөштөр менен күчтөрдү бириктиришибиз керек. Бул өзүбүздүн кызыкчылыгыбызга да туура келет. Евробиримдик кээ бир араб өлкөлөрү менен биргелешип бул максатка жетүү үчүн сентябрь айында, жаңжал башталаардан бир аз мурда БУУда Тынчтык күнүн өткөрүүнү демилгелеген. Биз бул максатка жетүү үчүн ишти мындан ары да улантууга ишенимди бекемдейбиз.