Кыргыз Республикасы: Бишкекте Европа Биримдиги менен адам укуктары боюнча 14-диалог өтүүдө
2024-жылдын 21-ноябрында Европа Биримдиги менен Кыргыз Республикасы адам укуктары боюнча 14-диалогун өткөрүштү. 2024-жылдын 25-июнунда эки тараптуу Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашууга (КӨКМ) кол коюлгандан берки биринчи бул диалог Евробиримдик менен Кыргыз Республикасынын адам укуктары, негизги эркиндиктер, мыйзамдын үстөмдүгү дана жарандык коом жаатында кызматташтыгын чыңдоо боюнча милдеттенмелерин эскерүү үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк болду.
Тараптар Кыргыз Республикасында жана Евробиримдикте адам укуктарына жана акыйкат башкарууга байланыштуу өнүгүүлөрдү, анын ичинде жүргүзүлүп жаткан саясий жана мыйзамдык реформаларды жана аларды ишке ашырууну кеңири талкуулашты.
ЕБ күчтүү жана көз карандысыз сот системасынын жана мыйзам чыгаруу демилгелеринин эл аралык стандарттарга толугу менен шайкеш келишинин маанилүүлүгүн баса белгиледи. Мындан тышкары, Евробиримдик кыргыз тарапты жарандык коом менен инклюзивдүү диалог аркылуу адам укуктарына таасир этүүчү демилгелерди өнүктүрүүнү камсыздоого үндөдү.
Тараптар ошондой эле адам укуктары боюнча көз карандысыз улуттук институттардын, анын ичинде Акыйкатчы институтунун ыйгарым укуктарын кеңейтүүнү талкуулашты.
Диалогдун жүрүшүндө ЕБ сөз эркиндигине, массалык маалымат каражаттарына, чогулууларга жана бирикмелерге байланыштуу маселелерди көтөрүп, Кыргыз Республикасында жарандык коом үчүн мейкиндиктин кыскарышына, анын ичинде 2024-жылдын апрелинде кабыл алынган «Чет элдик өкүлдөр жөнүндө» мыйзамга байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Евробиримдик жарандык коом уюмдарынын жана эркин маалымат каражаттарынын социалдык бейпилдикке, демократиялык коомдун гүлдөп-өсүшүнө жана туруктуулугуна салым кошуучу фактор катары баалуулугун баса белгиледи.
Евробиримдик диалогдун жүрүшүндө бир нече жеке иштерди да көтөрдү, анын ичинде Темиров Live иликтөөчү маалымат каражатынын он бир журналистинин иши боюнча соттун акыркы чечими жана Kloop көз карандысыз маалымат агенттигинин жабылышы тууралуу айтылды.
ЕБ үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан жана бардык шарттарда балдарды дене жазалоолордон коргоону күчөтүү үчүн бир нече мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү кубаттады. Дискриминациянын бардык түрлөрүн камтыган жана гендердик зомбулукту жоюу боюнча комплекстүү мыйзамдардын маанилүүлүгү талкууланды.
ЕБ эмгек укуктарын, анын ичинде жумушчулардын жана иш берүүчүлөрдүн уюштуруу, мажбурлап иштетүү, балдар эмгеги, басмырлоого жол бербөө жана эмгек инспекцияларынын толук кандуу иштешине болгон укуктарын толук сактоону күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.
Эки тарап адам укуктары боюнча эл аралык форумдардагы кызматташууну талкуулашты жана Евробиримдик БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешиндеги КРнын өсүп жаткан конструктивдүү кызматташуусун кубаттады. Кыргыз Республикасы өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин, анын ичинде 2025-жылдагы Универсалдуу Мезгилдүү баяндаманын контекстинде да урматтоого умтулуусун баса белгиледи.
Адам укуктары боюнча диалог ЕБнин алкагында адам укуктары, эмгек укуктары, ак ниет башкаруу, айлана-чөйрө жана климат боюнча 27 эл аралык конвенцияны натыйжалуу ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасы алган милдеттенмелер боюнча ЕБ мониторинг миссиясы менен арка-арынан өткөрүлдү, бул туруктуу өнүгүү үчүн преференциялардын атайын дем берүүчү механизми (ВСП+) алкагында болду.
Евробиримдиктин мониторинг миссиясы жеринде жарандык коом, социалдык өнөктөштөр жана БУУнун агенттиктери менен консультацияларды жүргүзүп, кыргыз бийлиги менен атайын талкууларды өткөрдү. ВСП+ мониторингинин натыйжалары ВСПны ишке ашыруу боюнча Еврокомиссиянын кийинки отчетунда чагылдырылат. ВСП+ бенефициары катары Кыргыз Республикасы товарлардын 6000ден ашык категориясы үчүн ЕБге тарифсиз рынокко кирүүдөн пайда көрөт.
Адам укуктары боюнча диалогго ЕБ тарабынан ЕАЭСтин Борбордук Азия боюнча бөлүмүнүн башчысы Дитмар Крисслер жана Кыргыз Республикасынын Тышкы Иштер Министринин орун басары Айбек Молдогазиев төрагалык кылышты.