Борбор Азия эл аралык колдоого муктаж
Ууландыруучу жана радиоактивдүү калдыктардын мурда болуп көрбөгөндөй чыгындысын алдын алуу жергиликтүү калктын убайына гана эмес Борбор Азиянын багар-көрөрү болгон Фергана өрөөнүнүн булгануусуна мүмкүндүк бербөө зарыл. Борбор Азияда калкы жыш жайгашкан бул область аймактын өнүгүүсүндө чечүүчү мааниге ээ.
ЕБ башчылык кылып, Борбор Азиянын жети алгачкы артык объекттеринин көйгөйүн чечүүгө багытталган программа чечкиндүү этапка чыкты. ЕБ Борбор Азиянын кызыктар болгон өкмөт бийликтери, ошондой эле өзөк энергиясы боюнча Эл аралык агенттиги (МАГАТЭ), бул маселелер боюнча БУУнун Өнүктүрүү Программасы (БУУӨП) менен тыгыз кызматташат.БАнын бийлик өкмөттөрү мерчемдерди жактырды. Жакынкы айларда маселенин чечимин сунуштоо жана каржылоону камсыздоо боюнча маанилүү иш-чаралар болот.
2018 жылдын 18 сентябрында МАГАТЭнин (өзөк энергиясы боюнча Эл аралык агенттик) башкы конференциясынын талаасында жогорку деңгээлде удаа иш-чаралар өтөт, анын жүрүшүндө Борбор Азия үчүн чечимдерди сунуштаган, калыбына келтирүү программалары таныштырылат жана талкууланат. Талкуунун негизги темасы соңуна чыгып, жактырылгандан кийин стратегиялык мастер-план болуп калат.
2018 жылы 8 ноябрда Лондондо ЕБРР (Европалык кайра куруу жана өнүктүрүү банкы) донорлордун эл аралык конференциясы өтөт. Банк Борбор Азиядагы экологиялык кайтаруу долбоорлорун каржылоо үчүн атайын түзүлгөн Айлана-чөйрөнү калыбына келтирүү Эсебин алып барат.
Донолордун башкы максаты - Кыргыз Республикасындагы, Тажикстандагы, Өзбекстандагы жети приоритеттүү объектиде экологиялык калыбына келтирүү иштерди колдоо максатында каржылоодо 70 млн. евро көлөмүндөгү жетишпеген каражатты толуктоо болуп калат.
Иш жүзүндө, экологиялык калыбынына келтирүү боюнча ЕБ башчылык кылган аймактык программа Борбор Азия өлкөлөрүнүн калкынын кызыкчылыктарына кызмат кылып, төмөнкүлөргө салымын кошот:
- Аймактык кызматташтыкты илгерилетүү ;
- Аймакта тынчтыкты жана туруктуулукту кубаттоо;
- калктын саламаттыгын мыктылоо;
- Айлана-чөйрөнүн сапатын жогорулоо;
- Экономикалык өнүгүүнү көтөрүү, тагыраак айтканда жергиликтүү калкты жумуш менен камсыздоо.
Бул программа БУУнун туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына (ЦУР) жетүүгө көмөктөшөт. Айрым алганда, ЦУР 3 “Дени сак жашоону камсыздоо жана эсенчиликке кол кабыш кылууга мүмкүнчүлүк түзүү”, ЦУР 6 “Таза суу жана санитария” жана ЦУР 15 “Кургактагы экотутумду сактап калуу”.
2013 жылы БУУ эл аралык коомчулук тарабынан каражаттык колдоону кеңеш берип, аймак үчун жыйынтыктуу сунуш киргизген. Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын демилгеси менен эл аралык колдоого кайрылуу үчүн БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясынын техникалык долбоору даярдалган.
Ал резолюция долбоору 2018 жылдын 27 сентябрында Нью-Йорктогу боло турган БУУнун Башкы Ассамблеясынын отурумундагы жогорку деңгээлдеги удаа иш-чаранын жүрүшүндө талкууланат. Ал иш-чарада экологиялык калыбына келтирүү боюнча так чаралардын жыйынтыктоочу кадамдары ошондой эле 70 млн евро өлчөмүндөгү жетишпеген каражатты толуктоо ыкмалары таанытылат. Экологиялык калыбына келтирүү иштерине 2019 жылы киришүү мерчемделүүдө.
Иш-чарада эл аралык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча иш алып барган Комиссар Невен Мимица негизги сөз сүйлөйт.
Кененирээк
Борбор Азиядагы экологияны калыбына келтирүү боюнча Европа Биримдигинин 5-мүнөттүу видеотасмасы
Борбор Азиядагы экологияны калыбына келтирүү боюнча китепче (орусча версиясы)
Борбор Азиядагы экологияны калыбына келтирүу боюнча 2- барактуу китепче (орус версиясы)
Борбор Азиядагы уран калдыктарынан арылуу боюнча стратегиялык мастер-план (тышкы шилтеме)
Кененирээк маалымат алуу үчүн Европалык Комиссиянын ага менеджери Мартин Андерсонго (e-mail) кайрылыңыздар.