This isn't an official website of the European Union

Борбордук Азия журналисттери ЕБнин Жашыл жумалыгынын алкагында Брюсселге барышты

26.06.2023

«Бул менин Европага биринчи барышым. Европа менен таанышуу Брюсселден башталганына кубанычтамын».

 

Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандан журналисттер тобу июндун башында Бельгиянын Брюссель шаарында “ЕБнин жашыл жумалыгы” конференциясына катышышты. Пресс-турдун бул бөлүгүн ЕБнин ушул өлкөлөрдөгү Өкүлчүлүктөрү Европа Биримдигинин Тышкы иштер кызматынын (European External Actions Service) алдындагы East Stratcom менен биргелешип уюштурушкан.

Central Asia journalists

Сапардын негизги максаты журналисттерге жана алардын аудиториясына ЕБнин экологиялык саясаты жана иштери жөнүндө маалымат берүүдө болду. Журналисттер ошондой эле Бельгиянын таштанды-калдыктарды иштетүүчү “TIBI” жана “REVATECH” заводдоруна барышып, калдыктарды иштетүү процесстерин өз көздөрү менен көрүп, таанышууга мүмкүндүк алышты. 

ЖМКнын өкүлдөрү сапардын алкагында ЕБнин Европадагы тышкы иштер кызматынын Борбордук Азия менен иштешүү боюнча расмий кызматкерлери, Европа комиссиясындагы, Европанын окутуу фондунда иштеген өкүлдөрү менен бир топ жолугушууларда болушту. Жолугушууларда ЕБ менен Борбордук Азиянын ортосундагы кызматташтык, ошондой эле ЕБнин бул региондогу DARYA сыяктуу региондук долбоорлору боюнча ачык пикир алмашуу болду. Жолугушууларда журналисттер ошондой эле тышкы күчтөрдүн маалыматты манипуляциялоо жана кийлигишүү проблемасын, анын ичинде дезинформация маселесин дагы талкуулашты.

Мен эми пресс-релиз даярдаган адамдарды жакындан тааныдым

Пресс-турдун катышуучусу «Мен эми пресс-релиз даярдаган адамдарды жакындан тааныганыма кубанычтамын», - деди.

Борбордук Азиядан Европа Биримдигинин штаб-квартирасына болгон бул аймактык пресса-иш сапар ЕБ менен Борбордук Азиянын ортосундагы мамиле жөнүндө жана глобалдык “жашыл” маселенин алкагындагы экологиялык проблемалар боюнча, ошондой эле ЕБнин  «Green Deal» программасы боюнча маалымат алмашууну жакшыртууга  багытталган.