Административдик чөйрөдөгү тең укуктуу кызматташтыктын алкагында мекемелердин потенциалын бекемдөө
Twinning — ЕБнин институттук потенциалды жогорулатуу, орто жана узак мөөнөттүү
реформаларды жүргүзүү, ошондой эле ЕБнин мүчө өлкөлөрүнүн жана өнөктөш
өлкөлөрүнүн арасындагы тең укуктуу кызматташтыкты жогорулатууга жардам берүүчү шайманы. Бул шайман мамлекеттик сектордо тажрыйба жана билим алмашуу процессин жеңилдетет жана конкреттүү милдеттүү натыйжага жетүүгө көмөктөшөт.