Кыргызстанда сүрөтчүлөр жана комикс жаратуучулар арасында «Сайма Комикс 2024: Уламышты улайлы» сынагы башталды
Долбоордун максаты - Кыргызстандын бай маданиятын жана искусствосун комикс аркылуу көрсөтүү жана аларды Кыргызстандын тарыхы менен байланыштыруу. Тандалган элдик жомоктор, мифтер жана уламыштарды комикстерге ыңгайлаштыруу менен, бул долбоор Кыргызстандын бардык аймактарынан сүрөтчүлөрү жана комикс жаратуучулары үчүн өздөрүнүн уникалдуу окуяларын билдирүүгө жана комикс искусствосу аркылуу маданий иденттүүлүк боюнча суроолорду көтөрүүгө, чеберчиликтерин өнүктүрүүгө жана билимдерин кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Конкурстук иштер 2024-жылдын 19-апрелинен 3-майына чейин кабыл алынат. Сынактын жыйынтыгы 18-майда Көркөм өнөр музейинде “Музейлер түнү-2024” иш-чарасынын алкагында чыгарылат. Конкурска катышуу бул баракча аркылуу жүргүзүлөт:
https://taplink.cc/micson_club
1 жана 2-орун ээлери ноябрда өтүүчү Германиянын Bilderbuchfestival комикс фестивалына катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. 3-жана 4-орунга ээ болгондорго профессионалдык чийме үстө жана Kanzler дүкөнүнө сертификаттар ыйгарылат.
Конкурстун бардык шарттары жана иш-чаранын жаңылыктары @micson.club Instagram баракчасында чагылдырылып турат.
https://www.instagram.com/micson.club?igsh=MXVwYTFweWFnYmFmeg
Байланыштар:
Гульнур Канат
Долбоордун жетекчиси, «Тамчы Тасма» коомдук фондунун директору
+996 772 672 244
+996 702 672 244
Жамиля Жаркынбаева
Долбоор жардамчысы
+996 555 913 503