Бүгүн Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы (КР) Өкүлчүлүгү жана ЕБ мүчө-мамлекеттери гомофобия, бифобия жана трансфобия (IDAHOBIT) менен күрөшүүнүн эл аралык күнүн белгиледи. Буга байланыштуу ЕБ Өкүлчүлүгү кыргызстандык квир активисттер менен жолугушту.
Өкүлчүлүк мүчөлөрү «Кыргыз Индиго», «Лабрис», «МырзаАйым» трансгендердик демилгесинин мүчөлөрү жана ЛГБТИК+ жамааттынын айрым активисттери менен жолугушту.
Өкүлчүлүктүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу, Раймондс Вингрис, өз сөзүндө ал басмырлоого каршы күрөштө жана адам укуктарын коргоонун артыкчылыктуулугун ЕБ системалуу колдоосун баса белгиледи. Бул тууралуу Европа Биримдигинин Жогорку Өкүлүнүн билдирүүсүндө айтылган: «Европа Биримдиги лесбиянка, гей, бисексуал, трансгендер жана интерсекс адамдардын (ЛГБТИК+ адамдардын) адам укуктарын жана негизги эркиндиктерин толук жана бирдей урматтоого, коргоого жана ишке ашырууга өзүнүн бекем жактоочулугун ырастайт. ЕБ бардык ЛГБТИК+ адамдардын тарабында жана компромисске барбайт. Биз сексуалдык ориентацияга жана гендердик иденттүүлүккө негизделген басмырлоого, зомбулукка жана жек көрүүчүлүккө каршы күрөшөбүз, тынч учурларда жана жаңжал учурунда дагы. Биз жарандык коом менен тыгыз кызматташтыкта басмырлоого каршы укуктук, саясий жана каржылык күчтөрдү жумшоо аракеттерибизди улантабыз».
ЕБ Өкүлчүлүгүнүн мүчөлөрү жана квир-активисттер КРдагы ЛГБТИК+ укуктарынын жана көйгөйлөрүнүн жалпы абалын талкуулашты. Өкүлчүлүктүн катышуучулары тең укуктарга жетишүү боюнча биргелешкен иштердин айрым мисалдарын келтирип, катышуучулардын суроолоруна жооп беришти.
Белгилей кетсек, Кыргызстандагы квир-кыймыл бир нече ЛГБТИК+ уюмдары, демилгелүү топтор жана жеке активисттерден турат.
Гомофобия, бифобия жана трансфобияга каршы эл аралык күнү жөнүндө
Гомофобия, бифобия жана трансфобияга каршы эл аралык күн 1990-жылдын 17-майынан бери белгиленип келет. Бул күнү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму гомосексуалдуулукту Оорулардын жана ага байланыштуу ден-соолук көйгөйлөрүнүн эл аралык классификациясынан алып салган.
Бул маанилүү чечимден кийин гомофобияга, бифобияга жана трансфобияга каршы эл аралык күнү дүйнө жүзү боюнча белгиленип, сексуалдык ориентацияга жана гендердик иденттүүлүккө негизделген басмырлоого каршы маалымдоо иш-чараларын өткөрүү үчүн квир-жамааттарын жана алардын тарапкерлерин бириктирип келет.