Борбордук Азияны күчтөндүрүү: ЕККУ жана ЕБ аймак үчүн «Тынчтык үчүн жаш аялдар» демилгесин ишке киргизди
Гендердик теңчиликти илгерилетүү жана жаштарды тынчтык жана коопсуздук күн тартибине киргизүү боюнча ЕККУнун милдеттенмелерин ырастап, ЕККУнун Гендердик программасы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси жана ЕККУ Академиясы менен тыгыз кызматташтыкта, Борбордук Азиядагы «Тынчтык үчүн жаш аялдар» демилгесин ишке киргизди.
2024-жылдын 15-апрелинде Бишкек шаарында өткөн ачылыш Борбордук Азиядагы жаш аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана алардын тынчтык жана коопсуздук процесстерине катышуусун арттырууга багытталган эки жылдык программанын башталышын белгиледи. Программанын катышуучулары – Борбордук Азиянын беш өлкөсүнөн жана Ооганстандан сынактык процесс аркылуу тандалып алынган он сегиз жаш өзгөртүүчү кыз – дараметин жогорулатуу боюнча жекелештирилген окутуулардан өтүшөт, теңтуштар жана насаатчылар менен байланыш түзүшөт жана чек ара долбоорлоруна колдоо алышат.
Иш-чараны ачып жатып, ЕККУнун гендер боюнча улук кеңешчиси Лара Скарпитта бул демилгенин маанилүүлүгүн жана жаш аялдардын тынчтыкты орнотуу аракеттеринде мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн терең таасирин баса белгиледи. «Жаш аялдар — тынчтыкты куруунун келечеги! Алардын өнүгүүсүнө салым салуу - тынчтыкка салым салуу дегенди билдирет. Биздин демилге жаш аялдардын жаш жана аял катары туш болгон кош тоскоолдуктарын тааныйт жана аларга тынчтыкты курууда жана чыр-чатактарды жөнгө салууда активдүү роль ойноого мүмкүнчүлүк берүү үчүн иш-аракеттерди жасайт», - деди ал.
Мэрилин Йосефсон, Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы элчиси төмөндөгүлөрдү айтты: “Бүгүнкү ачылыш аземи жаштар менен аялдардын коомубуздагы өзгөрүүлөрдүн кыймылдаткыч күчү катары ойногон маанилүү ролун көрсөтүп турат. Алардын уникалдуу перспективалары, туруктуулугу жана инновациялык идеялары туруктуу жана инклюзивдүү тынчтык процесстерин калыптандыруу үчүн маанилүү. Алардын энергиясы, дымагы жана жаңы көз караштары бизге жалпы кабыл алынган көз-караштарды талдап чыгууга жана эзелки чыр-чатактарды креативдүү жол аркылуу чечүүгө шыктандырууга жардам берет».
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар чыр-чатакты жөнгө салууга жана тынчтыкты курууга жаш аялдардын маңыздуу катышуусун жогорулатуу үчүн конкреттүү стратегияларды жана ыкмаларды талкуулоого мүмкүнчүлүк алышты. Алар ошондой эле Борбор Азиядагы тынчтык орнотуучу жаш аялдар үчүн кыйынчылыктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү, ошондой эле алардын ишин колдоо боюнча эл аралык коомчулукка күтүмдөрүн жана сунуштарын билдиришти.
ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жетекчиси, элчи Алексей Рогов чыр-чатактын алдын алуу жана чечүүдөгү жаш аялдардын маанилүү ролун баса белгилеп, “Алардын маңыздуу катышуусу Борбор Азия чөлкөмүндө тынчтыкты жана стабилдүүлүктү орнотууга көмөктөшүү үчүн маанилүү” деди. Ал тармакка салым салуу жана жаш кыз-келиндерге колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Ачылышка ошондой эле Борбордук Азиядагы жаштардын инклюзивдүүлүгү жана гендердик теңчилик боюнча иш алып барган БУУнун агенттиктеринин, донорлордун жана жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын ачылышынан кийин «Жаш аялдар тынчтык үчүн» демилгесинин катышуучулары тынчтыкты куруу боюнча көндүмдөрүн жогорулатууга багытталган төрт күндүк комплекстүү потенциалды жогорулатуу программасына катышат. Программа ЕККУнун демилгелерин тереңирээк түшүнүү, алар жана чет өлкөлүк өзгөртүүчү аялдардын ортосундагы байланышты куруу, андан аркы насаатчылык үчүн жеке жана топтук муктаждыктарды талдоо, гендердик лидерлик жана тынчтыкты орнотуу боюнча мыкты тажрыйбаларды бөлүшүү жана маанилүү тармактык көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча сессияларды камтыйт.
CONTACT DETAILS
Чынтемир КАЛБАЕВ
ММК жана маалымат боюнча координатор
[email protected]
+996312261003 (ext 126)