Европа Биримдиги Кыргыз Республикасы менен кызматташуунун негизги тармактарды аныктады
Бул программанын алгачкы төрт жылында төмөнкү тармактарда эки тараптуу өз ара аракеттенүү жана жалпы кызыкчылыктарды илгерилетүү макстатында ЕБ грант түрүндө 62 миллион евро каражат бөлүп берет:
1) Башкаруу жана санариптештирүү
2) Адамдык өнүгүү
3) жашыл жана климаттык туруктуу экономика
Башкаруунун артыкчылыгы мыйзамдын улуктугун бекемдөө жана илгерилетүү, керектүү башкаруу жана санарип трансформациясына багыттылган. Экинчиден, адамдык потенциалын өнүктүрүү ЖМК, санариптик жана «жашыл» технологиялары менен иштөө көндүмдөрүн жакшыртуу жана гендердик теңчиликти жана адам укуктарын илгерилетүү аркылуу инклюзивдүү жана сапаттуу билим берүү системасын колдойт. Үчүнчүдөн, «жашыл» жана климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу экономиканын артыкчылыгы өзүнө суу ресурстары менен натыйжалуу жана комплекстүү башкарууну жана «жашыл» бизнестин өнүгүүсүнө түрткү берүүнү камтыйт.
Элчи Эдуард Ауэр, Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы
«Европа Биримдиги өнүгүү боюнча негизги жана ишенимдүү өнөктөш катары Кыргыз Республикасы менен көптөн бери өнөктөштүк мамиледе. Бүгүн биз кызматташуубуздагы жаңы кадамды белгилеп, башкаруу, санариптештирүү, билим берүү, жашыл өсүү жана эки тарапты кызыктырган башка чөйрөлөрдө узак мөөнөттүү колдоо көрсөтүүгө милдеттенебиз. Жаңы көп жылдык программа Европа Биримдигинин кыргыз элин туруктуу колдоосунун ишенимдүү далили болуп саналат», – деп белгилеп кетти.
Программаны ишке ашырууда бюджеттик колдоо артыкчылыктуу ыкма болуп калат. 2025-2027-жылдарга Көп жылдык индикативдик программаны каржылоо 2024-жылы анын аткарылышы жөнүндөгү серептен кийин аныкталат.
Жаңы Көп жылдык индикативдик программанын артыкчылыктары Кыргызстандын бийликтери жана Европа Биримдигинин мүчө мамлекеттери менен кеңешүүлөрдүн жүрүшүндө аныкталган. Мындан тышкары, башка негизги кызыкдар тараптар менен, атап айтканда, жарандык коом уюмдары, жергиликтүү бийлик органдары, жеке сектордун өкүлдөрү, БУУ жана башка өнөктөштөр менен кеңешүүлөр өткөрүлдү.
Макулдашылган артыкчылыктар Европа Биримдигинин мүчө-мамлекеттери менен өнөктөштүктө Team Europe мамиле алкагында ишке ашырылат. Бул багыттар БУУнун 2030-жылга чейинки Күн тартибине, Париж климаттык келишимине жана Европа Биримдигинин Global Gateway стратегиясына да дал келет.
Көп жылдык индикативдик программа аймактык кызматташтыкты колдоо үчүн ресурстар жана ERASMUS+ жогорку билим берүү программасы, сооданы өнүктүрүү, коопсуздук жана илимий кызматташтык сыяктуу тематикалык маселелер менен толукталат. Кыргызстандагы жарандык коом менен кызматташуу боюнча жаңы Жол картасына ылайык, жарандык коомду жана адам укуктарын колдоо Европа Биримдигинин Кыргызстан менен кызматташтыгынын маанилүү бөлүгү болуп кала берет.