This isn't an official website of the European Union

Европа Биримдиги Кыргызстанга билим берүү жана санариптештирүүнү колдоо үчүн 19,4 миллион евро бөлүп берди

23.12.2021

2021-жылдын 23-декабрында Европа Биримдиги Кыргызстандын өкмөтүнө 19,4 миллион евро же 1,9 миллиард сом бюджеттик жардамын которду. Каражат билим берүү жана санариптештирүү чөйрөлөрүнө багытталган эки грантка бөлүндү.

Билим берүү секторуна 7,4 миллион евро өлчөмүндөгү траншы Европа Биримдиги 2019-2021 жылдары Кыргызстандын билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын колдоо үчүн акыркы 32 миллион евродон акыркы бөлүгү. Калган каражат 2019 жана 2020 жылдары которулган. 

Бул стратегиянын алкагында билим берүүнү башкаруу маалымат системасы түзүлгөн, билим берүүнүн, окуучулардын баалоо системасынын сапатын жогорулатуу боюнча чаралар каралган жана мамлекеттик каражатты башкаруу жакшыртылган. Финансы министирлигинин планында акыркы транштын каражатын билим берүүнүн сапатын мындан ары да жогорулатууга, китептерди сатып алууга, бардык мектептерди интернет менен камсыз кылууга жумшалат. 

Ал эми санариптештирүү чөйрөсү тууралуу, 12 миллион евро өлчөмүндөгү транш – 2020-2023 жылдары Кыргызстандын санарип трансформациясынын Жол картасынын бюджеттик колдоо боюнча ЕБ программасынын бөлүгү. 

Бул программанын максаты – Жогорку технологиялар парктагы Санариптик көндүмдөрдүн инновациялык борборунун ишин колдоо, калкка электрондук кызматтарды көрсөтүү үчүн өлкөнүн бардык аймактарында Санарип-Аймак/Цифровой Аймак системасын активдештирүү, өлкөнүн киберкоопсуздугун жогорулатуу, жеке маалыматтарды коргоону жаңыдан түзүлгөн Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик аркылуу камсыз кылуу.

Бул транштан түшкөн каражаттар программалык камсыздоону иштеп чыгууга жана тармактык министрликтерде маалымат базаларын тейлөөгө, ошондой эле бүткүл өлкө боюнча санариптик экономиканы өнүктүрүүгө жумшалат.

«Санариптик трансформация жана баарына жеткиликтүү билим берүү системасы Кыргызстандын өкмөтү менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтыктын негизги артыкчылыктары болуп саналат. Бул секторлорго жардам берүү Европа Биримдигинин республиканын өнүгүүсүн колдоо боюнча жактоочулугун чагылдырат», – деп Европа Биримдигинин элчиси Эдуард Ауэр белгиледи. Башкаруу жана санариптештирүү, адамдык өнүгүү, жашыл экономика – үч чөйрөгө багытталган жаңы төрт жылдык колдоо программасы аркылуу Европа Биримдиги Кыргыз Республикасын бул багыттарды колдоону улантат.