Европа Биримдиги баарына инклюзивдүү жана сапаттуу билим берүүнү колдоо максатында Кыргызстанга 7 миллион евро бөлдү
Евробиримдиктин колдоосу Кыргызстанда мектептеги билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, ошондой эле жыныска, этникага жана тилге карабастан бардык балдар үчүн жеткиликтүү болуусун камсыздоого багытталган. ЕБ менен Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн биргелешкен аракеттери билим берүү системасы сунуштаган жөндөмдөрдү жана квалификацияларды эмгек рыногунун жана заманбап демократиялык коомдогу жашоонун муктаждыктары менен шайкештикке келтирүүгө багытталган.
ЕБ жардамы Билим берүү департаментинин илим, технология, инженерия жана математика (STEM) тармагындагы ишин колдоого багытталган, ал менен чоогу, санариптик сабаттуулукту, медиа сабаттуулукту жана "жашыл" жөндөмдөрдү жайылтуу да колдоого алынат. Максаты - студенттердин келечекке жакшы даярдануусуна жардам берүү.
7 миллион евро транш бул 2023-2026-жылдар аралыгында Кыргызстанда билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу үчүн Европа Биримдиги тарабынан бөлүнгөн 27 миллион евронун алкагындагы экинчи төлөм.
«Билим берүү жакырчылыкты кыскартуунун жана туруктуу экономикалык өсүштүн негизги фактору болуп саналат. Европадабы же Кыргызстандабы, биздин балдарыбызды жана жаштарыбызды эртеңки күнү өздөрүнө жана коомчулугуна бакубат келечекти калыптандыруу үчүн керектүү шаймандар жана жөндөмдөр менен жабдуу өтө маанилүү. Баарына тең укуктуу, сапаттуу жана инклюзивдүү билим берүү Евробиримдик менен Кыргызстандын өнөктөштүгүнүн узак мөөнөттөгү негизги приоритети болуп саналат», - деп Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы элчиси Мэрилин Йозефсон билдирди.