This isn't an official website of the European Union

Евробиримдик Өкүлчүлүгүнүн стажеру: Стажировка программалары көндүмдөрдү жакшыртууга жана нетворкинг түзүүгө жардам берет

Камила Исатаева менен таанышыңыз. Ал Евробиримдиктин КРдагы Өкүлчүлүгүндө 6 айлык стажировкадан өтүп, эл аралык структурада иштөө тажрыйбасы менен бөлүштү. Анын баяны биз менен же Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигине башка мүчө-мамлекеттердин өкүлчүлүктөрү менен кызматташууну каалагандар үчүн пайдалуу болот деп ишенебиз.

-Камила, стажировкадагы эң эсте калганы эмне болду?

-Мен үчүн эң эсте калган окуя бул кызыктуу жана түрдүү долбоорлорго катышуу болду. Мен өзгөчө баалай турган ушундай долбоорлордун бири – "Green Nomads". Бул долбоордун алкагында жаш экологдор өлкөнүн көптөгөн университеттеринде климаттын өзгөрүшү, адаптация процесстери жана башка экологиялык маселелер боюнча билимдери менен бөлүшүштү. Мындай демилгелер кызыктуу гана эмес, жаштарды калыптандыруу үчүн да маанилүү деп эсептейм, бул албетте өлкөбүзгө пайда алып келери шексиз. Алар критикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө, ар кандай темалар боюнча маалымдуулукту жогорулатууга жана активдүү жарандык коомду калыптандырууга жардам берет.

- Кайсы тажрыйбаны белгилеп, аны Евробиримдиктин Өкүлчүлүгүндө алдым деп айта аласыз?

Албетте, эл аралык уюмда иштөө жеке жана кесипкөй өнүгүү үчүн баа жеткис тажрыйба жана мүмкүнчүлүктөрдү бере алат. Жана мен баса белгилей турган нерсе – event management. Бишкектен болгон студенттерге Erasmus+ программасы аркылуу Европада окуу мүмкүнчүлүгү боюнча эки конок лекция уюштурдум. Мага бул иш-чараларды уюштуруу, университеттер жана спикерлер менен макулдашуудан баштап, керектүү тамак-аш жана логистика жактан камсыздоого чейин толук жоопкерчилик берилген. Бул мага баарлашуу жана көп тапшырмаларды аткаруу көндүмдөрүмдү жакшыртууга жардам берди, анткени бир эле учурда иш-чаранын көптөгөн аспектилерин көзөмөлдөөгө туура келди.

- Сиздин оюңузча, жаш адистер үчүн стажировка программалары канчалык пайдалуу?

- Менимче, стажировка программалары жаш адистер үчүн пайдалуу курал болуп саналат. Мен эки аспектти белгилейт элем. Биринчиден, бул бар болгон көндүмдөрдү өркүндөтүү жана жаңы көндүмдөрдү алуу. Экинчиден, профессионалдык байланыштарды түзүү (networking), анткени стажировка учурунда жаш адистер ар кайсы тармактын эксперттери жана адистери менен иштешет. Алар ошондой эле ар кандай компаниялардагы жумуш мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө биле алышат. Акырында, 6 айлык стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүгү үчүн Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгүнө ыраазычылык билдиргим келет. Алган тажрыйбам менин өсүшүмө салым кошконуна ишенем. Ошондой эле кесиптештериме ыраазычылык билдирем. Бул стажировканы унутулгус жана окуяларга бай кылганыңыз үчүн рахмат.

- Камила, биздин Өкүлчүлүктүн ишине энтузиазм жана салым кошконуңуз үчүн чоң рахмат. Ийгилик каалайбыз!